Текечи кан

Википедия дан

Текечи кан"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Карыкандын уулу. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча "Манастын туула элегиндеги бабалары" жөнүндөгү окуяда:

Кызыталак кытайга

Кыйрашалы журтум — деп,

Калкы тыргоот, манжуга

Бул көрөкчө өлөбүз деп, элди жоого каршы күрөшүүгө чакырат. Бирок, селдей каптаган душманга күчү жетпесин билген: "Текечи кан, Шыгай кан Ала-Тоо бойлоп качканы" эскерилет. Манас Алоокени жеңген окуяда да катышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4