Темир комузчулар ансамбли

Википедия дан

Темир комузчулар ансамбли – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын темир комуз күүлөрүн аткаруучу чакан музыкалык коллектив. Алгач (1939) А. Байбатыров, кийин (1951) Т. Тыныбеков уюштурган. Темир комузчулар ансамбли жаштардын республикалык, бүткүл союздук жана бүткүл дүйнөлүк (алтынчы) фестивалдарына катышкан. Ансамблдин репертуарында А. Байбатыровдун, Т. Тыныбековдун күүлөрү («Тагылдыр тоо», «Короо четинде», «Пахтам» ж. б.) болгон. Учурда Н. Нышанов жетектеген чакан Темир комузчулар ансамбли бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]