Тенктерлер

Википедия дан

ТенктерлерРейндин оң жээгинде, Лана менен Випердин ортосунда жашаган байыркы герман уруусу. Чебер атчандар катары белгилүү болгон.
Б.з.ч. 59-жылы узипеттер менен бирге Рейндин төмөнкү агымында жайгашкан менапий (кельт уруусу) жерлерине көчүп келишкен. Б.з.ч. 56-55-жылдары кыш мезгилинде Рейнди кесип өтүшкөн, бирок Наймегендин жанында Цезардын аскерлери талкалашкан. Б.з.ч. 17-жылы союздаш герман уруулары (узипеттер жана сигамбралар) менен бирге тенктерлер Рейнден өтүп, Галлиянын губернаторун талкалашкан. Кийинчерээк аларды Друздун аскерлери контрчабуулда талкалашкан.
Б.з. 69-70-ж. тенктерлер башка герман уруулары менен бирге Цивилис көтөрүлүшүнө катышкан.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]