Термелүүнүн өчүшү

Википедия дан

Термелүүнүн өчүшү ― убакыттын өтүшү менен тутумда энергиянын жоголушуна байланыштуу термелүү амплитудасынын азайышы.

Термелүү энергиясынын жоголушу механикалык тутумда сүрүлүүнүн натыйжасында жылуулукка айланышы жана серпилгич толкундардын айлана-чөйрөгө таралышы, электр тутумунда тутумду түзгөн өткөргүчтөрдүн жигердүү каршылыкка ээ болушу жана курчап турган мейкиндикке электр-магниттик толкундардын таркалышы, о. эле диэлектриктер жана ферромагниттер уюлдашкан учурда энергиянын андан чагылышына ж. б. байланышкан. Термелүүнүн өчүү мыйзамы тутумдун касиеттери менен байланышкан. Сызыктуу тутумда бир термелүү мезгилинде энергиянын жоголушу термелүү амплитудасынын квадратына пропорциялаш болуп, термелүүнүн амплитудасы геометриялык прогрессия боюнча азаят. Сызыктуу эмес тутумда бир термелүү мезгилинде энергиянын жоголушунун толук энергияга болгон катышы турактуу болбостон, амплитуданын азайышы менен өзгөрүп, геометриялык прогрессияны жаратпайт. Термелүүнүн өчүү мыйзамынын жөнөкөй учуру – сызыктуу эмес механикалык тутум. Мында сүрүлүү күчүнүн чоңдугу турактуу (ылдамдыкка көз каранды эмес), ал эми сүрүлүү күчүнүн багыты ылдамдыкка карама-каршы, мындай сүрүлүү күчтүн пайда болушу жылышуу кыймылы менен байланышкан. Бул учурда термелүүнүн амплитудасы арифметикалык прогрессия менен азаят.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]