Терминасов Юрий Степанович

Википедия дан

Юрий Степанович Терминасов (1910-ж Калинин облусунун Ржев шаарында туулган - 1978) - КПССтин мүчөсү (1941); физика-математикалык илимдердин доктору (1945), профессор (1947), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1960).

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1932-ж - Ленинграддагы физика-математикалык институтту бүтүрүп,
1932-1941-жж - анда ассистент;
1947-51-жж - Ленин инженер-экономикалык институтунун физика кафедрасынын башчысы;
1951-55-жж - эксперименталдык физика кафедрасынынын башчысы;
1955-60-жж - Кыргыз ССР Илимдер академиясында физика-математика бөлүмүнүн башчысы;
1960-70-жж - Петрозаводск Мамлекеттик университетинде кафедра башчы, декан;
1970-жылдан тарта - Куйбышев политехникалык институтунда кафедра башчы болгон.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

129дан ашуун илимий эмгектин автору.
Негизги эмгектери - металлдардын, куймалардын бышыктыгына, пластикалуулугуна арналган. Металлдарды сыноодо анын касиетин, изилдөөнүн жолун, физикалык методикасын изилдеп чыккан. Ар кандай температурада деформацияланган металлдардын түзүлүшүн изилдеген.
КРда физикалык-математикалык илимдердин 12 кандидатын даярдаган.