Терм суулары

Википедия дан

Терм суулары, aрашан (грекче therme – жылуу, ысык) – жер астынан чыккан дарылык касиети бар кыртыш суулары, жылуу булактары бар. Суунун температураеы 20°тан жогору болот. Алар составында биологиялык активдүү минерал компоненттеринин көптүгү, айрыкча физикалык-химиялык касиети менен өзгөчөлөнөт. Жер кыртышындагы 20°С изотерм көп жылдык тоң тараган аймактарда 500-2000 м тереңде, субтропиктерде 100 лгге чейин жайгашкан; ал эми тропикке чектеш жерде жер үстүндө жатат. Бургулоо көзөнөгү аркылуу табылган артезиан бассейндериндеги (мисалы, Батыш Сибирь, Азов-Кубань ж. б. температурасы 70-100°С) ысык суулар 2000-3000 м тереңдиктен көтөрүлөт. Терм суулары тоолуу аймактарда (Альп, Кавказ, Теңир-Тоо, Памир ж. б. температурасы 50-90°Сге чейин) ысык булак, 500-1000 м тереңдиктеги жанартоолуу аймактарда (Камчатка, Исландия ж. б. температурасы 150-250°Сге чейин) гейзер жана буу түрүндө чыгат. Терм сууларынын химиялык курамы, газдуулугу жана минералдашуусу ар түрдүү (көбүнчө даамсыз, туз даамдуу, гидрокарбонаттуу, гидрокарбонат-сульфаттуу, натрийлүү, азот-метандуу жана метандуу) болот. Терм суулары бальнеологиялык максатта кенири пайдаланылат. Кыргызстандын аймагында Бар-Булак, Ысык-Ата, Жалал- Абад, Жети-Өгүз ж. б. ондогон Терм суулары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]