Тешик-Калаа

Википедия дан

Тешик-Калаа – 7–8-кылымдар-га таандык чеп калдыктары. Өзбекстандын курамындагы Кара-Калпакстандын Төрткүл районундагы Бүркүт-Кала оазисинде жайгашкан. Тешик-Калааны 1938–39-жылдары С. П. Толстов жетектеген Хорезм археологиялык экспедициясы изилдеген. Орто Азиядагы алгачкы феодалдык архитектуралык эстеликтердин бири. Бекем дубал менен курчалган чарчы кең короодон турат. Ортосунда көп бөлмөлүү күмбөз бар. Сырткы дубалдар менен күмбөздүн аралыгында чарба курулуштары жана турак жайлар салынган. Казуу учурунда кездеменин калдыктары, чопо идиштер, тыйындар табылган. Анда жашагандар дыйканчылык кылып, мал багышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]