Тизенгаузен Владимир Густавович

Википедия дан

Тизенгаузен Владимир Густавович (1825-1902), орус чыгыш таанучусу, тарыхчы-археолог, нумизмат, Императордук илимдер академисынын мүчөсү, Тизенгаузендер барондор үй бүлөсүнөн чыккан. В.Г.Тизенгаузен 1825-ж. Нарвада туулган. 1848-ж. Петербург университетинин чыгыш тилдерин үйрөнүү бөлүмүн аяктаган, Х.Д.Френдин окуучуларынын бири болгондугу маалым. В.Г.Тизенгаузендин барондук титулу болгондугуна карабастан колунда эч кандай байлык болгон эмес. Университетти аяктагандан кийин үй бүлөсүн багуу үчүн 12 жыл бою алгач почтада, чакан мекемелерде жетекчилик кызматтарды аткарган. 1861-ж. жаңы түзүлгөн Императордук археологиялык комиссияга жумушка кабыл алынат. Бул комиссияда өмүрүнүн аягына чейин (1902-ж) чейин эмгектенген. Украина жана Түндүк Кавказдагы скифтердин жана гректердин көп сандаган дөбөлөрүн казган. Бул комиссияда да оболу канцелярдык жана админстративдик кызматтарды аткарган. Чыгыш таанууга археологиялык комиссия жакшы көңүл бурбагандыктан В.Г.Тизенгаузен Украина жана Түндүк Кавказдагы грек шаарлары, скиф кургандарын казуу иштерин жүргүзгөн деген илимий чөйрөдө маалыматтар бар. Убактысынын аз бөлүгүн гана чыгыш таанууга арнай алган. Ошого карабастан, бул илимий тармакта өзүнүн изин калтырууга үлгүргөн. Анын негизги эмгектери чыгыш нумизматикасына байланыштуу болгон. Ал эмгектери, айрыкча “Чыгыш халифатынын тыйындары” (Спб., 1873), күнүбүздө да чыгыш нумизматикасын изилдөөдө негизги жардамчы окуу куралы катары мааниси зор. Материалдык жактан муктаж болгон В.Г.Тизенгаузен көлөмдүү жумуштарды илимий коомчулук же “меценаттардын” колдоосу аркылуу ишке ашырган. Чыгыш булактары боюнча Алтын Ордонун тарыхын изилдеген 4 томдук көлөмдүү эмгеги Археологиялык комиссиянын төрагасы, археология сүйүүчү граф С.Г.Строгановдун колдоосу менен жазылган. 1880-ж. С.Г.Строгановдун демилгеси менен В.Г.Тизенгаузен Европага атайын илимий сапар уюштуруп, Алтын Ордо тууралу маалыматтардын кол жазмаларын чогулткан. Бул саякаттын жыйынтыгында ошол эле С.Г.Строгановдун акчалай колдоосу менен "Сборник материалов, относящихся к истории Золотой орды” (Т.I, извлечения из сочинений арабских". СПб., 1884.) аттуу эмгеги жарыкка чыккан. Андан кийин В.Г.Тизенгаузен перс тилинде жазылган эмгектердин көчүрмөлөрүнүн үстүнөн көп жылдар бою изилдеген. Бирок, бул эмгегин басып чыгара алган эмес. Себеби, меценат С.Г.Строганов каза болгондон соң, китепти чыгарууну колдогондор болбой калган. Экинчи томун кийинчерээк, А.А.Ромаскевич, И.Волиндер тарабынан редакцияланып басылып чыккан.

Эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сборник материалов, относящихся к истории Золотой Орды. — 1-е изд.
  • Том I. Извлечения из сочинений арабских. — СПб.: Типография Императорской Академии наук, 1884. — XVI, 564 с.
  • Том II. Извлечения из персидских сочинений. — М.—Л.: Изд-во Академии наук СССР, 1941. — 308 с. — 4 000 экз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015