Тогуз кат
Тогуз кат (omasum) - кепшөөчү айбандардын көп камералуу карындын бир бөлүгү (төөлөрдө болбойт). Т. к. ички беттин былжырлуу чели узунунан кеткен кыймылдуу бүктөмөлөрдү - жалбырактарды пайда кылат. Кайталанып чайналган жеми Т. к. түшкөндө майдаланып жана суюлуп жумурга өтөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4