Токио процесси

Википедия дан

Токио процесси - япон согуш кылмышкерлерине жүргүзүлгөн сот дроцесси.

  • 1946-ж. 3-майдан 1948-ж. 12- ноябрга чейин Токиодо Ыраакы Чыгыш эл аралык согуш трибуналында жүргүзүлгөн. 1928-45-ж. [[СССР]], Кытай ж. б. өлкөлөргө каршы агрессиячыл согуштарды даярдоого жана жүргүзүүгө катышкан 28 адамдын 25и жазаланган (мурдагы 4 премьер-министр- Тодзио, Хиранума, Койсо, Хирота;
  • 11 министр - Араки, Хата, Хосино, Итагаки, Кайя, Кидо, Симада, Судзуки, Того, Сигэмицу, Минами;
  • 2 элчи - Осима, Сиратори;
  • жогорку генералитеттин 8 өкүлү - Доихара, Киму- ра, Муто, Ока, Сато, Умэдзу, Мацуи, Хасимото);
  • экөө - мурунку тышкы иштер министри Мацуока жана адмирал Нагано өкүм чыкканча эле өлүп калган;
  • япон империализминин идеологу Окаванын шал болуп калгандыгына байланыштуу өкүм чыгарылган эмес.

Өкүм боюнча Доихара, Хирота, Итагаки, Кимура, Мацуи, Муто, Тодзио өлүм жазасына тартылып, Того 20 жылга, Сигэмицу 7 жылга, калгандары өмүр бою түрмөгө кесилген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.