Токой укугу

Википедия дан

Токой укугу – токой байлыктарын пайдалануу жана коргоо боюнча коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдеринин тутуму. Т. у. мыйзамдардын өзалдынча тармагы, ошондой эле ал экологиялык укуктун тармактык топтомунун бөлүкчөсү катары чыккан илимий-укуктук жана окуу сабагы болуп саналат. Токой коруна кирген жана кирбеген токойлорду, ошондой эле токой өсүмдүктөрү каптабаган токой корунун жерлерин (токой мамилеси) пайдалануу, коруу, сактоо жана аларды көбөйтүү жаатындагы мамилелер Т. у-на таандык болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]