Токсиндер

Википедия дан
Токсиндер

Токсиндер (байыркы грек тилинен τοξικός (toxikos) — уулу) — микроорганизмдердин тиричилигинен бөлүнүп чыккан уу зат.

Бактериялык токсиндер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бактериялык токсиндер көбүрөөк изилденген. Алар экзотоксиндер жана эндотоксиндер болуп бөлүнөт.

Экзотоксиндерди[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экзотоксиндерди бактериялар жашоо-тиричилигинде чөйрөгө бөлүп чыгарат. Мисалы, селейме, кептөөр, ботулизм жана башка козгогучтары чыгарат.

Эндотоксиндер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эндотоксиндер бактериянын компоненти болуп, чөйрөгө бактерия өлгөндөн кийин бөлүнүп чыгат. Экзожана эндотоксиндер бири-биринен өзүлөрүнүн касиети жана организмге тийгизген таасири боюнча айырмаланат. Экзотоксиндер өтө уулуу келип, таасири белгилүү инкубация (жашыруун) мезгили өткөндөн кийин билинет. Канчалык алар көп өлчөмдө кирсе, ошончолук инкубация мезгили аз болот. Аларды ысытканда, формалин менен таасир эткенде уусун жоготот, бирок иммунитет пайда кылуу касиети сакталат. Мындай уусузданган экзотоксиндер анатоксин деп аталып, көп ооруларды алдын алууда жана дарылоодо колдонулат.

Анатоксин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эндотоксинден анатоксин алуу үчүн болгон аракеттер натыйжа берген жок. Эндотоксиндер организмге тез таасир этет, экзотоксинге караганда уусу анча күчтүү эмес, жогорку температурага туруктуу болушат. Токсиндерди кургатуу, тоңдуруудан алардын күчү өзгөрбөйт.

Бул макалага байланышкан макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Уулануу
  2. Токсикология

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8