Токтогул байланыш тармагы

Википедия дан

Байланыш тармагы (Токтогул), почта, телеком. Райондук байланыш түйүнү 1930-жылдары уюшулган.

Аймактын калкынын ичара жана республиканын башка региондору менен телеграфтык жана почталык байланыштарды «Кыргыз почта» мамлекеттик ишканасынын Токтогулдагы филиалы жана Телекомдун бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.

Учурда райондук байланыш түйүнү экспресс почта, электрондук почта, интернет, факсимиле ж. б. тейлөөнүн жаңы түрлөрдүн да өздөштүрүүдө. Ра-йондо 11 АТС иштейт; анын бири шаардык,10 айылдык АТС, алардын 1620 абоненти (анын ичинен мекеме, ишкана, уюмдарда - 208и, калкта - 1373и) бар. Райондо 60 каналдуу шаар аралык аппаратура,13 каналдуу автоматика элди электрдик телефон байланышы менен тейлейт.

Бишкек-Ош авт-омобиль жолунда жайгашкан Арал, Балачычкан, Үчтерек айылдарында автоматтык шаар аралык сүйлөшүү пункттары ишке киргизилген. Токтогул шаарчасы жана райондук аыйл-кыштактарынын көбү Кыргызстандын бийик тоолорунда орнотулган станциялардын жардамы аркылуу теле-көрсөтүүлөр СВ жана FM диапазондорунда радио берүүлөрдү угууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5