Толук Айыл Өкмөтү

Википедия дан

Толук Айыл Өкмөтү - Токтогул районундагы администрадиялык-аймактык бирдик. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 90 км чыгыш тарапта жайгашкан. Ташкөмүр темир жол бекетинен 282 км алыстыкта.

1927-ж. Толук айыл кеңеши болуп уюшулган. Азыркы айыл өкмөтүнүн аймагында төрт колхоз (Алмалуу, Ачык, Чаарташ, Толук) болгон, кийинчерээк ал колхоздор бириктирилип, Толук совхозу түзүлгөн.

1996-жылдан азыркыдай аталат. Ага Толук, Алмалуу, Ноот, Чаарташ айылдары карайт.

Калкы 3300 (2004); негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет. Жеринин жалпы аянты 19,4 миң га,. айдоо жери 1,2 миң га, анын ичинен сугат жер 286 га, кайрак жер 917 га. Т. а. ө-нүн аймагында май чыгаруу 3 цех, 4 тегирмен, 4 устакана иштейт; 2 орто мектеп, оорукана, дарыкана, клуб ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5