Томого

Википедия дан

Бул алгыр куштардын көзүн жаап коюучу тоголок тарткан булгаары бөрк. Кушка туурга (үйдө) отурганда жана ууга чыгарда кийгизилип, аңга салынаарда башынан алат. Булгаарыны же көндү (кол булгаары) алып, эки бөлүк кылып, топудай тегерек бычат да, экөөнү беттеп, тарамыш жип аркылуу кайып тигет. Чеберлер мунун төбөсүндө сыйдаланган булгаары чачыгын-чогун жасайт. Алкымы сагакталат. Томогонун өзүнө тегерете күмүштөн жана жезден жакшынакай шөкөттөр чабылат. Ал көркөмдүктөр көрчөгөлөргө окшошуп турат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)