Томук катмай, оюн

Википедия дан

Томук катмай, томук жашырмай – эки киши ойноочу улуттук оюн. Алар өздөрүнчө мөрөй коюп, мөөнөтүн макулдашышып, эл көзүнчө кол алышат. Томук суроо каалаган убакта, каалаган жерде, каалаган кырдаалда суралышы мүмкүн. Томук каткан адам аны ар дайым болжошкон шарт боюнча алып жүрүп, доочу сураганда көрсөтө коюшу керек. Каткан адам томукту сурары менен көрсөтө койсо утат, көрсөтө албай калса утулат. Аны көбүнчө жаштар ойнойт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.