Тоо өлкөсү

Википедия дан

Тоо өлкөсү - жер бетинин бийиктиги кескин өзгөргөн, тегерегиндеги түзөң аймактардан кыйла көтөрүңкү (жүздөгөн, миңдеген мге чейин) жайгашкан зор аймагы.

Адатта тоо өлкөсү жогору көтөрүлүү кыймылы үстөмдүк кылган тектон. өнүгүүнүн бир этабында түзүлөт. Кээде бир нече миң км аралыкка чейин созулуп, татаал конфигурацияны түзөт. Тоо аралык ойдуңдар, дарыя өрөөндөрү менен бөлүнгөн тоо тизмектерден жана кырка тоолордон турат. Морфологиялык жактан бийик тоолуу (альп формасындагы рельеф), орто бийик тоолуу жана жапыз тоолуу рельефке бөлүнөт. Жер кыртышынын деформациялуу мүнөзүнө жараша тектоникалык тоолордун ичинен бүктөлүү, бүктөлүү-келки, келки тоолоруна бөлүнөт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2