Тоо өсүмдүктүүлүгү

Википедия дан
Artemisia glacialis.

Тоо өсүмдүктүүлүгү, тоо флорасы - тоо беттеринде өскөн өсүмдүк түрлөру.

Тоо өсүмдүктүүлүгүнө алкактуулук мүнөздүү, б. а. жапыз тоолордон (адырлардан) улам бийик (мөнгулүү) тоолорго чейинки өсүмдүктүүлүктөгү үстөмдук кылган түрлөр бирдей болбойт. Мисалы, адыр жана боксе тоолордогу өсүмдүктуүлүк Жердин жалпы зле талаа аймагынын өсүмдүктүүлүгүно окшош болот. Бирок тоодогу тик өйдө кеткен алкактуулук менен зоналуулук толук окшош эмес, анткени климаттын бардык эле элемента тик өйдө (тоодо) жана тегиздик багытта (Жер шарында) бирдей өзгөрулбөйт (мисалы, күн тийген маалдын узундугу же кыскалыгы). тоонун ар бир алкагындагы өсүмдүктүүлүктун чеги географиялык кеңдикке, тоонун майда кокту-колоттуу, күңгөй-тескейлүү беттерине ж. б. шарттарга байланштуу. кыргызстандагы тоолордо өрөөндөн тоонун төрунө чейин төмөнкү өсүмдүктуулуктөр кездешет: чаптардагы, адырдагы чөлдор, боздоңдор, бадалдар, токойлор, бийик чөптүү шалбаалар, боздоңдуу шалбаалар, шиберлер, моңгүлүү чөлдөр ж, б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.