Тотемизм

Wikipedia дан

Тотемизм (гр.— башталыш, негиз деген мааниде) — адамзат коомунун өнүгүшүнүн алгачкы баскычындагы элдин мифологиялык түшүнүгү. Алар адамды кайсы бир өсүмдүк же жаныбар, же предмет менен байланыштуу дешип, алардын жашоо шартын ошолор менен байланыштырышкан. Ошондуктан урууларды бугу, бору, багыш ж. б. деп аташкан. Элдин тотемдик түшүнүгү, табият сырларына карата ушундай көз карашы, кыргыз фольклорунун көп жанрларында, өзгөчө макал-ылакаптарда, жомоктордо, легендаларда, эпостордо («Эр Төштүк» менен «Кожожашта») сакталып калган.

"Манас" энциклопедиясында[оңдоо]

Тотемизм — уруучулук коомдогу диний ишенимдердин жана каадалардын жыйындысы, диндин байыркы формасы. Анын негизги өзгөчөлүгү катары адамдардын тигил же бул уруунун, жаныбарлардын пайда болушун, тегин айрым жаныбарлар, өсүмдүктөр менен тикеден-тике байланыштуу түшүндүрүү, анын ыйыктыгына, кереметтүүлүгүнө ишенүү болуп саналат. Тотемдик түшүнүктөр уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон. Ошондуктан, тотемизм байыркы убакта дүйнөдөгү көп элдерге тарап, алардын материалдык жана маданий турмушуна өз таасирин тийгизген. Бир тотемдин тукуму делинип эсептелген уруу же топ өз ич ара кыз алып, кыз беришпейт. Кээ бир элдер тотем жандыктын этин жешпейт. Тескерисинче, айрым элдерде тотем жандыктын эти касиеттүү күч-кубат берет деген ишеним бар. Мына ушундай көз караштардын түрк, моңгол, иран урууларындагы чагылдырылышына жылкы, бука, ит, бөрү, төө, бугу, буура, короз жана башкалар жаныбарлардын культу менен тыгыз байланышкан. Байыркы чыгыш түрк — Орхон-Эне-Сай жазууларында кыргыз жана башкалар түрк элдери тарабынан тотем катарында урматталган жаныбар илбирс менен карышкыр жана башкалар жаныбарлар айтылат. Бөрү байыркы көк түрктөрдүн тотеми болгонун И. Бичурин белгилейт. Ал эми бул салттуу тотемдик түшүнүк « Манас » эпосунда да колдонулат. Эпостун башкы каарманы Манастын туруктуу эпитеттеринин бири «көк жал», «көк бөрү» болуп берилет. Кошойдун «кыргыздарды кырк уруу бөрү» сыпатында мүнөздөшү, Манастын көк бөрү болуп кубулган кырк чилтенге жолугушу, анын батасын алып, дамамат колдоого ээ болуп жүрүшү өңдөнгөн мотивдер байыркы тотемдик ишенимдин эпостун жалпы мазмунуна, көркөмдүк деңгээлине, образдык системасына белгилүү таасир тийгизгенин күбөлөйт. Түрк тилдеринде сүйлөгөн элдердин эпикалык эстеликтеринин баарында, анын ичинде «Манаста» оор акыбалда калган каармандарга жана башкалар бардык эле баатырларга адамча сүйлөп, кеп-кеңешин айткан акылдуу аттын образы эң эле кенен тараган. Аттын куйрук-жалы, көкүлү, эти адамдарга күч-кубат, кайрат берчү касиетке эгедер тумар (көз тумар) катары кызмат өтөйт. Кыргыздардын түшүнүгүндө, көз карашында тотемизм туруктуу түрдө орун алып, фольклордук чыгармалардан эпос, жомок, санжыра, уламыш өңдүү жанрларында, алардын идеялык-тематикалык мазмунунда чагылган. Тотемдик ишеним, көз караштардын, образдардын өзүнчө бир катмары «Манас» эпосунда да жолугат. Бул өзгөчө эпикалык чыгарманын байыркылыгын, анын өсүп-өнүгүү кырдаалын аныктоого мүмкүндүк берет. Ошону менен катар тотемдик ишенимдер менен түшүнүктөр, образдык туюнтмалар Сагымбай Орозбаковдун варианты жана Саякбай Каралаевдин варианты вариантынын эпикалык жалпы мазмундуулугун, көркөмдүк даражасынын байышына да активдүү таасир тийгизет. Кыргыздардын тотемдик түшүнүгүндө кайберен эчки-теке, элик, аркар-кулжа, бугулардын пири, колдоочусу болуп саналат. Бул түшүнүктү манасчылардын эпостун лексикасында кеңири пайдаланышы, эпикалык каармандардын ууга чыгуу окуяларында кайталанышы анын фольклордук чыгарманын өзөгүндө тотемизмдин белгилүү түрдө орун алгандыгын аныктайт. Кайып же кайберендин кереметтүүлүгүн көрсөтүү мотиви ага садага чабуу, курмандык жасоо ырым-жырымдары менен кошо коштолот. Маселен, Жакып кандын кыргыздарды топтоп, Алтайдан Ала-Тоого көчүүгө өз ара макулдашканын баяндаган окуяда алардын «кыбылага карашып, кол көтөрүп буркурап, Адил бааша тагы үчүн, Кайып Эрен бак үчүн» бата кылып мал союу жөрөлгөсү аткарылат. Кыргыздардын кайберенге, кийиктердин пири кайыптын, колдоочулук мүмкүнчүлүгүнө ишенүүсү башкы каарман Манастын образында да колдонулат. Эпостун «Семетей» бөлүмүндө да кайыптын, кайберендин колдоочулук милдети өзүнчө бир чоң ынтаа, күчтүү пафос менен берилет. Мында адам баласы менен жаныбарлар дүйнөсүнүн ортосундагы биримдик, алака чоң философиялык жалпылоого көтөрүлүп чыгат. Маселен, Семетей менен Чыйырдыны алып Букарга качып бараткан жолдо ыйык Байтерекке токтогондо тотемдик дарактын жана Бугунун колдоо көрсөткөн учуру эпосто мындайча сүрөттөлөт:

Атасынан баласын
Колдоп эле жүргөн пири экен,
Ошондо он эки айры ак бугу,
Чуркап жетип келди эле,
Бешиктеги беренин —
Семетейди көрдү эле.
Эмчегин берип ал бугу,
Мойнун гана бөлөк буруптур,
Бу баланын өзүнө
Эмчегин берип туруптур (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 52).

Бугу жөнүндөгү бул байыркы түшүнүк көп кылымдардан бери сакталып келаткан болууга тийиш. Кыргыздардын Ысык-Көлдө жашаган бугу уруусу өзүнүн чыгыш тегин бугудан алып, аны урматтап, ыйык эсептегени байыркы тотемдик түшүнүктүн калдыгы. Эпикалык башкы каармандардын минген аттары, тулпарларынын күлүктүгү, чыдамкайлыгы, акылдуулугу, адамдын ишенимдүү жолдошу катарында сүрөттөлүш сапаттары, артыкчылыктары да дал ушул тотемдик нукта түшүндүрүлөт. Атап айтканда, эпостогу Манастын Аккула, Тайбуурул, Чубактын Көгала, тулпарларынын туулушу, артыкчылыгы кайып менен тикеден-тике байланышта интерпретацияланат. Мындай мотив «Семетейде» да толук сакталат, башкача айтканда баатырдын тулпары Тайбуурулдун туулушу, артыкчылыгы ушундайча түшүндүрүлөт. Мааникердин теги «энеси аркар жел кайып, атасы тулпар чөл кайып» катарында сүрөттөлсө, ал эми эпикалык баатыр Чубактын Көгала сындуу тулпарын Кызыр ата өзү келип тартуулайт.
Аны атайын Чубак үчүн багып, даярдап жүргөндүгү баяндалат. Манас атасы Жакыпка тарынып кетип, ак сакалчан Кызыр менен эгин айдаганда ал Манаска Карача кандын жылкысында баатырга ылайык тулпар туулганынан кабар берет. Тотемдик көз караштардын калдыктарынын бир көрүнүшү катары жылкы, төөнүн пирлерин, алардын кысталыш учурда ээлерин коргоп жардам бергендигин көрсөтсө болот. Ошондуктан, эпикалык баатырлар Манас көчкөндө, душмандарды жеңгенде ырымдап жылкы атап, Камбарбозду курмандыкка чалышат. Демек, малчылык менен оокат кылган адамдар үйүрдөгү мыкты жылкыларын Камбар ата, Камбар боз деп атоо салтка айланып калган. Мына ушундай эле түшүнүктү, тотемдик колдоочулукка ишенүү салты төөгө, уйга, койго таандык кылып сүрөттөө мотиви эпостук окуялардын жүрүшүндө көп эле жолу жолугат. «Манас» эпосунда Акбалтанын талаадагы жайылган төөлөрүн карап жүрүп, төл малы «Ойсул ата куу каймалдын өркөчүнөн Чубакты табышын» баяндаган эпизод жана Кызырдын атайы Манасты тосуп туруп, ага желгенине жел жетпеген, басканына мал жетпеген «булуттай учуп сыдырган, төгөрөктүн төрт бурчун, төрт күн койбой кыдырган», «кырк асый Желмаянды тартууга беришин чагылдырган окуялар баатырдын төрөлүшүн, негизги каармандардын башка каармандардан айырмаланган мүлккө, колдоочулукка ээ болушун фантастикалык маанайда сүрөттөө гана эмес, ошондой эле тотемдик ишенимдер менен эпикалык каармандардын ортосундагы өтмө катар байланышты да чечмелөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Эпостогу терс каарман Эсенкандын Манас баатырдын колунун келе турган жолуна куу кулжа, куу түлкү жана куу өрдөктү кароол коюшу жана зоогонистикалык жана антропоморфтук касиеттердин эриш-аркак берилиши, алардын өзгөчөлүктөрү кандайдыр бир деңгээлде тотемдик ишенимдердин натыйжаларынын көркөм иштелиши катарында кабыл алынат.
Кумайыкты иттин пири, колдоочусу катары кабыл алуу жана анын кереметтүүлүгүнө, ыйыктыгына ишенүү салты кыргыздардын аң-сезиминде бекем орногон. Ошол себептен анын туулушу, өсүшү, жеке артыкчылыктары атайы фантастикалык ыкмада чечмеленет. «Манас» эпосунда Манастын ууда жүрүп Желмаянды, эртеси «Жаңгактуунун керүүдөн, Кум-Булактын белинен кол башындай көзү ачылбаган сур күчүк таап алышы», анын ырым-жырымына ак боз бээ союшу өңдүү эпизоддор жолугат. Табылган күчүккө Бакайдын Кумайык деп ат коюшу жана аны багуунун жол-жоболорун кыргыздардын итке болгон тотемдик ишеними жатат. Байыркы кыргыздарда орун алган тотемдик ишеним боюнча «Кумайык иттен эмес жорудан туулат, ал үч күнгө чейин күчүк түрүндө жатат, үч күнгө чейин адам таап албаса, ал кушка айланып кетет» деген элдик түшүнүк жана аны багып, тарбиялап өстүрүү жөрөлгөлөрү жөнүндөгү көз караштар поэтикалык формада эпостон орун алган. «Манас» бөлүмүндөгү мындай тотемдик түшүнүктөр «Семетейде» өз ыргагынан жанбайт. Өздөрүнүн тотемдик касиеттери, сапаттары, жеке өзгөчөлүктөрү менен эпостун идеялык-көркөмдүк деңгээлинин артылышына көмөк көрсөтүшөт. Тотемдик ишенимдер эпостун «Манас» жана «Семетей» бөлүмдөрүндө окуянын жалпы өнүгүш ыргагын бузбастан, тескерисинче, эпикалык башкы баатырдын образынын монументалдуулугун көтөрүүдө айрыкча роль ойнойт. Архаикалык ой жүгүртүүнүн тотемдик түрүнүн мындай калдыктары жана элементтери «Сейтек» бөлүмүндө азыраак. Тайбуурул, Акшумкар, Кумайыктын Семетей менен кошо кайып болушу, Куялынын атасынын Кайып ысмын алып жүрүшү Кыястын Тоотору атынын адамча ой жүгүртүүсү сыяктуу мисалдарды келтирсе болот. Себеби, «Сейтек» «Манас» жана «Семетей» бөлүмдөрүнө караганда трансформацияга көбүрөөк дуушар болгону, пайда болуш мезгили, сүрөттөө окуялары боюнча кийинки доордун натыйжаларына таасирленгени, архаикалык көз караштын таасирине аз чалдыкканы менен түшүндүрүлөт. Тотемдик түшүнүктөр Сагымбай Орозбаковдун вариантына караганда Саякбай Каралаевдин варианты вариантында кыйла кеңири колдонулуп, фольклордук чыгарманын идеялык, образдык негиздерине активдүү аракет кылып, өзүнчөлүктөргө ээ. Мына ушинтип илгертен айтылып жүргөн уламыштардагы, жомоктордогу урууну сактоочу жана УРУУ сыйынган тотемдер кийинчерек эпостордо келечекте баатыр боло турган баланын төрөлөрүн алдын ала айта турган сыйкырдуу чалга айланган. Бул «Манас» эпосундагы Чыйырдынын түшүнө кирген чал айткандан түшкө кирген чал келечектеги баатырды сактоочу сыйкырдуу атасы (тотем) болуп саналат. Кийин тектеш түрк элдеринин арасына ислам дини таралышына байланыштуу мурунку сыйкырчы чал (тотем) Кызыр алейсаламга, Азиретаалыга, Шаймерденге айланып диндик мааниге ээ болуп кеткен. Мисалы, эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон кездерде көбүнчө шаймердендин жана кырк чилтендин колдоосу менен аман калат. Ошондой эле баатырдык эпостун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында мурунку тотем — жырткыч айбандар менен кыраан куштардын аттары каармандардын кыймыл-аракеттерин туюндуруучу көркөм каражаттардын милдетин аткарып калган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]