Тоңдуруу учуру

Википедия дан

Тоңдуруу учуру - акцияны кармоочулар убакыттын аралыгында өзүнө тиешелүү акцияларды ачык рынокко алып чыгып сатууну токтотуп турушат.

Кепил катары иш жүргүзгөн банк тоңдуруу учурунда ири акциялардын көлөмүн кармоочуларды (1% же 1%ден ашкан көп менчиктен) 180 күнгө чейин токтоп турушун талап кылат. «Тондуруу» жайылтылган акционерлердин тобуна, башкаруучу жана компаниянын директору, маанилүү шериктештер жана ири инвесторлор кирет. Эрежеге ылайык бул акционерлер IPOro чейин көпчүлүккө сунуш кылган баадан төмөн инвестицияланган, ошондуктан жакшы пайда алышы керек.

Эгерде акционер тоңдурулган акцияны убакыт бүткөнгө чейин саткысы келсе ага агент трансфер келишим бүтүм чыгарууга уруксат бербейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9