Трипстер

Википедия дан

Трипстер (Thysanoptera) - Исиркек буттулар - курт-кумурска түркүмү.

Денесинин уз. негизинен 0,5- 2 мм, тропикте жашагандарыныкы 14 мм ге жетет. Башындагы оозу сайып соруучу типте. Буттары кыска, таманы 1-2 муунактуу, начар өскөн 2 тырмагынын ортосунда бир нерсеге жабышууга ыңгайланган исиркеги бар. Ошондон улам Исиркек буттулар деп аталган. Курсагы 11 муунактан турат. Личинкасынын канаты болбойт. Чоңдорунун чети кирпикчелүү эки жуп узун канаты болот.

Кээ бир түрүнүн жумуртка таштоочу органдары бар. Бардык Исиркек буттулар чала кубулуу жолу менен өөрчүйт. Жер шарынын бардык бөлүктөрүндө 2000дей түрү таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.