Тропик фаунасы

Википедия дан

Тропик фаунасы - экватор, субэкватор жана тропик алкактарында жашаган жаныбарлар түрлөрү.

Кургактагы Тропик фаунасы нымдуу тропикте, экватор токоюнда, жалбырагы күбүлмө тропик токойлорунда, саванналарда. чөлдөрдө ж. б. жерлерде жашаган жаныбарлардан түзүлөт. Жашоо чойрөсүнун ар түрдүүлүгүнө карабастан Тропик фаунасынын мүнөздүү өзгөчөлүгү - алар жылуулукту сүйөт жана аз тукумдайт. Кээ бир жаныбарлар топтошуп, үйүрлошуш жашайт, мисалы, антилопалар (саванналарда), кумурскачылар (нымдуу тропик токойлорунда), термиттер (бардык жерде). Сүт эмүүчүлөрдөн маймылдар тропиктен башка жерде кезикпейт, ал эми чала маймыл, пил, керик, тапир, кумурскачы, илээнди, жарганаттар ж. б. тропиктин кээ бир райондорунда гана болот. Куштардан Тропик фаунасына өзгөчө мүнөздүүлөрү - тоту, көгүчкөн, күкүк, трогон, керик куш, тукан, шимикчи чымчык, балчы, колибри ж. б.

Сойлоочулардан - игуан, геккон, хамелеон, жылан, крокодилдер, жерде-сууда жашоочулардан - бака, кур бака, бутсуз амфибиялар, омурткасыздардын көп түрлөрү (чаяндар, жөргөмүштөр), курт-кумурскалардан - коңуздар, көпөлөктөр, чегпрткелер, желимчилер, кумурскалар, термиттер, сүлүктөр.

Океан Тропик фаунасы жаныбарлардын көп түрдүүлүгү жана санынын аздыгы менен айырмаланат. Кээ бир балыктар (акула, скат, учуучу балык, кылыч балыктар), деңиз таш бакалары, деңиз жыландары; омурткасыздардан берметчи, наутилустар, ооз буттуулар, рактар, лангусттар, рифтерди түзүүчү кораллдар (шурулар) тропиктерде гана кездешет. Деңиз сүт эмүүчүлөрүнөн тропик дедиздеринде сиреналар жашайт, кашалот көбөйүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.

CategoryЖаныбарлар: