Тувалык кыргыздар

Википедия дан

Тувалык кыргыздар - Кыргыздардын жана тувалардын этностук-маданий байланыштары эрте орто кылымдар мезгилинен башталган.

Тыва-тува-туба этноними да этногенетикалык терең алакаларды чагылдырат. Туванын жана Түндүк-Батыш Монголиянын аймактарында бул регионго мүнөздүү эмес таш курчалган көрүстөндөргө өрттөп көмүү салтын Минусин ойдуңунан (Хакасия) көчүп келишкен калкка байланыштырышат. Булар 840-ж. Уйгур каганатын биротоло баш ийдирген кыргыздар экендигинде талаш жок.

Бирок Туванын аймагындагы эстеликтер кыргыздардын бул аймакта 9-к. чейин эле болушкандыгын чагылдырат. Болжолу, кыргыздар азыркы Туванын аймагынан Хакас-Минусин ойдуңуна уйгурлардын кысымынан улам чегиниши мүмкүн. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрүстөн таштардагы, аска беттериндеги жазууларды байыркы кыргыздарга таандык экендигин айгинелейт.

Изилдөөчүлөр коктулардагы руникалык жазууларды кыргыздар калтыргандыгын, ал эми бул жерлерден байыркы түрктөр калтырган эстеликтер илим чөйрөсүндө али аныктала электигин белгилешет.

Уйгур каганаты талкалангандан соң, азыркы Туванын аймагы Кыргыз каганатынын андан аркы согуштук жемиштүү басып алууларынын плацдармына айланган. Кыргыз каганынын өз ставкасын Танну-Олага көчүрүүсү бул аймактын аскердик-стратегиялык маанилүүлүгүн тастыктай алаары шексиз. Кызыктуусу, дал ушул аймакты тувалардын «кыргыз» уруусу эзелтеден мекендери маалым.

917-ж. Борбордук Азиянын чыгыш бөлүгү монгол тилдүү кидандардын (кара кытайлар) ээлигине өтөт. 917-ж. кийин кыргыздар негизинен азыркы Тува жана Минусин ойдуңуна ээлик кылып калышкан. Kapa кидандар кыргыздар менен азыркы Туванын түштүгүндв кагылышкандан соң, Имил, Чугучак тарапка ооп кетишкен.

Тува 12-к. биринчи чейрегине чейин Кыргыз каганатынын курамында кала берген. 1199-ж. кыргыздар наймандар менен кагылышкан. Ошол эле жылы Чыңгыз-хандан качкан наймандардын Буюрук-ханы Түштүк-Алтай тараптан «кыргыздардын ээлиги» болгон азыркы Тувага кире качкан. Тувалардын курамында «кыргыз» этнонимдеринин учурашы, уруулук эн тамгаларынын теңиртоолук кыргыздардын уруулук эн тамгалары менен аналогиялык жалпылыгы, тувалардагы «кыргыз» урууларынын өкүлдөрүнүн көп сандуулугу бул этностун калыптанышындагы кыргыздардын ролун чагылдырат.

Жазуу булактары, изилдөөлөр туваларда өз алдынча «кыргыз» деген эки уруулук чоң топтун аталышы бар экендигин чагылдырат. Биринчи Кыргыз сумону Салчак кошунунун курамына кирип, Сайзыг-Гол, Эрзин, Нарын дарыяларына туташ жерлерди, ал эми калган бөлүгү Танну-Оланын Түштүк аймактарын жердешкен. 1913-ж. бул Кыргыз сумону 1200-1500 адамды түзгөн. Бейге-Хошундун курамына кирген экинчи Кыргыз сумону Саян тоолорун жана анын этектерин мекен кылышкан. Атактуу иликтөөчү Н.Ф.Катанов «Кыргыз уруусунун өкүлдөрүн Чаа Хол, Шаган, Арысу, Элли-Хэм, Чадан, Бош-Хемчик жана Улуг-Хемден да жолуктурган».

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.