Туз тектоникасы

Википедия дан

Туз тектоникасы - чөкмө тоо тек катмарларынын арасындагы ийилчээк туз кабаттарынан пайда болгон бүктөлүү деформациясынын бир тиби.

Бул процесс туздуу катмардын терең чөгүшүнөн (1 кмден терең) пайда болот. Мындай тереңдикте туздуу тектердин ийилгичтик касиеттери жогорулап, тыгыздыгы төмөндөйт. Тектердин тыгыздык боюнча ар түрдүүлүгү (асты жеңил туздар, үстү тыгыз тектер) туздардын жогору карай кысылып чыгышына шарт түзөт. Мында ядросунда туз жаткан казанбак сымал антиклиналдык структуралар, айрыкча диапирлүү бүктөлүштөр пайда болуп, анын канаттарында нефть жана газ кендери топтолушу ыктымал. Туз тектоникасына Кыргызстандагы Чоң-Туз, Кичи-Туз, Шабыр-Көл (Кочкор кара тузу), Шамшыкал (Кетмен-Төбө), Беш-Көл (Тогуз-Торо), Серафимовка антиклиналдары бар. Туз тектоникасы кембрийге чейинки тоо тек катмарларынан тартып неогенге чейинки чөкмө тектеринде учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4