Тулга

Википедия дан

Тулга - казан асууга ылайыкталган үч бурчтук же тегерек формада жасалган үч буттуу темир алкак. Көчмөн кыргыз жана монгол элдери очок ордуна урунган.

Тулга боз үйдүн коломтосуна орнотулуп же сыртка коюлуп, үстүнө казан асылып, тамак бышырылат. Т-нын алкагынын көлөмү казанга жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4