Тул салуу

Википедия дан

Тул салуу, кара кийгизүү Октбярь революциясына чейин кыргыздарда аялдын өлгөн күйөөсүнө аза күтүү салты.

Жесир аял (ошондой эле өлгөн эркектин энеси, эже-карындаштары да) эри өлгөн күндөн сырга, билерик, шакектерин чыгарып, кара же көк кейнек кийип, башына токол элечек (түндүк кыргызстанда), сыртынан ичке алкак тасма менен бастырылган кара, көк, жашыл, кээде ак жоолукту бош салынып (түштүк кыргызстанда), чоң аш берилгенче тулдун жанына отуруп аза күткөн. Жесирге караны төркүндөрү салган. Эгер караны аялдын келген жери салса, ал аталып салынган кара делген да, жесирдин «башы байланганын» билдирген. Демек күйөөсүнүн аш-суусу берилген соң жесир улуу же кичүү туугандарына нике кыйылган. Бул салт - экзогамиялык никенин калдыгынын, феод.-патриархалдык мамилелердин шартында аялдардын укугунун темөндүгүнүн жана диндик түшүнүктөрдүн бир көрүнүшү.

Азыр көп улуттарда кара аза күтүү салтын билдирет


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.