Туматтардын көтөрүлүшү (1217)

Википедия дан

Туматтардын көтөрүлүшү (1217) - Енисей аймагындагы кыргыз өлкөсүндө жашаган туматтардын моңгол басып алуучуларына каршы көтөрүлүшү.

Туматтардын этникалык аталышы байыркы түрк тилдүү дубо (туба) уруулары менен байланышта болуп, б. з. 5-6-кылымда Енисей д-сынын баш жагындагы «Секиз-мурэн» аймагында турушкан. Туматтардын көтөрүлүшү жөнүндө маалымат Pamud ад-Диндин «Жами ат-таварих» («Тарыхтар жыйнагы») аттуу эмгегинде эскерилет. Ал боюнча «Кыргыз өлкөсүнө караштуу Баргужин-Токумда жашаган туматтар согуш ишине өтө каарман» эл болуп, Чыңгыз хан Кытайга жортуулга аттанып кеткенде, алар экинчи жолу көтөрүлүш чыгарышкан. Чыңгыз хан аларга каршы Борагул нойон башында турган аскерин аттандырган. Бул салгылашууда туматтардын көпчүлүгү кырылып, Ворагул нойон дагы каза болгону айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4