Тунуктук
Сөздүн же жамдаш сөздүн маанилеринин тизмеси. Эгер сиз бул жакка Википедиянын башка макаласынан багытталсаңыз, сураныч, артка кайтып, шилтемени тийиштүү макаланы көрсөтө тургандай кылып оңдоңуз. |
Тунуктук —
1) атмосферанын тунуктугу — атмосферанын күн радиациясын өткөрүү жөндөмдүүлүгү; радиациянын бир бөлүгү атмосферага (атмосфералык газ жана аэрозоль кошундусу) сиңип, бир бөлүгү чачырап кетет, калганы атмосфера аркылуу өтөт; атмосфера канчалык тунук болс о, андан радиация ошончолук арбын өтөт.
2) Суунун тунуктугу — суунун күн нурун өткөрүү жөндөмдүүлүгү; эң тунук суу Атлантика океанындагы Саргассо деңизиники (тунуктугу 66 мге чейин); ички деңиздердин тунуктугу 20дан 8 мге чейин жетет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2