Турдукулов, Аскер

Википедия дан

Турдукулов, Аскер (1936-ж. т., Чүй облусу, Жайыл р-ну, Ортосуу кыштагы) – геолог, геология-минералогия ил. доктору (1984), профессор (2001), Кыргыз Республикасынын УИАнын корреспондент мүчөсү (1993), Өзбек Республикасынын Табият илимдер академиясынын мүчөсү (1992). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүтүргөн (1957). Кыргыз Республикасынын УИАнын Геология ин-тунун кенже, улук илимий кызматкери (1957–66), Кыргыз УИАнын Сейсмология ин-тунун улук илимий кызматкери (1966–75), лаборатория жетекчиси (1975–94), Ин-ттун директору (1994-жылдан). Т. – 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 12 монографиянын автору. Алар палеоген – неоген катмарларынын стратиграфиясын, литологиясын, фациялык-полеогеографиялык пайда болуу шарттарын ж-а ал катмарлар менен байланыштуу кен байлыктарды (туз, бор, арашан суулары) изилдөөгө арналган. Анын инженердик сейсмология ж-а сейсмдик микрорайондоштуруу б-ча ири эмгектери да бар. Ошондой эле Бишкек, Кара-Балта, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Таш-Көмүр шаарларынын, Чоң Кемин, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын сейсмдик микрорайондоштуруу карталарын түзүүгө активдүү катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]