Мазмунга өтүү

Түгөлбай Сыдыкбеков

Википедия дан
Түгөлбай Сыдыкбеков
‎Сыдыкбек уулу Түгөлбай[1]
Туулган датасы:

14 -май 1912(1912-05-14)

Туулган жери:

Кең-Суу айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу

Өлгөн датасы:

19 -июль 1997(1997-07-19) (85 жаш)

Өлгөн жери:

Бишкек шаары

Түгөлбай Сыдыкбеков (14-май 1912-жылы – 19-июль 1997-жылы) кыргыздын ХХ кылымдагы чыгаан жазуучусу[2][3] жана коомдук ишмери, Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997)[4][5].

Кыскача өмүр жолу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түгөлбай 1912-жылы Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган[6][7].

Кийинчерээк өзүнүн мектепке бара элек кызы Динарага 15-апрелден 15-майга чейинки күндөрдү жазган кагаз тилкелеринин бирин суурдуртуп, ага негизденип, 14-май күнүн өзүнүн туулган күнү катары шарттуу түрдө тандап алган[8][9].

1928–1931-жж. Фрунзе шаарындагы айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган[10].

1931–1936-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы[1], 1937–1947-жж. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949–1951-жж. Кыргызмамбаста редактор болгон.

1970-80-жж. ортосунда Түгөлбай Сыдыкбеков "улутчул жазуучу" катары бейрасмий түрдө обо чогултулган, бирок анын бир кезде Сталиндик сыйлыкка ээ болгону гана аны толук куугунтуктоого жергиликтүү бийликтерге мүмкүндүк берген эмес.

Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышат.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Түгөлбай 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызат менен узатты.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи ырлар жыйнагы «Күрөш» деген ат менен 1933-жылы жарыкка чыккан[11].

Түгөлбай «Манас» дастанын изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошуп, «Манас» – «Сейтек» эпосунун жыйынтыкталган вариантынын 3 томдугунун үчүнчү бөлүгүн редакциялаган жана басмага даярдаган. 1960-жылы басылып чыккан «Кыргыз совет адабиятынын тарыхый очерктеринин» башкы редактору болгон[12].

Жазуучу «Манас жана Алмамбет» эпикалык драмасын (1942-ж.) (Калим Рахматуллин менен жазуучулаш), «Күчтүү жүрөк», «Канжар», «Кыштак кожоюндары» аттуу сахна чыгамаларды жазган.

Түгөлбай Пушкиндин, Некрасовдун, Бедныйдын, Чеховдун, Серафимовичтин, Шолоховдун жана башка чыгармаларын кыргызчага которгон.

Сүрөткердин турмушунда «Көк асаба» романы өзгөчө тагдырдагы чыгарма болгон, ал Орхон-Эне-Сай доорундагы түрк элдеринин тарыхый басып өткөн жолун көркөм жалпылаштырууга алган, бул дал ошол тарыхыйлыгы менен тоталитардык доордун “кара сандыгына” кабылып, көп жыл окурмандарына жетпей жатып, заман бир аз оңолгондо гана 1989-жылы окурман колуна тийди.

Тарыхый жана өз өмүр баяндык мазмундагы «Жол» (1982), «Бел-белес» (1996) романдары кыргыз эли тарабынан жылуу кабыл алынды. «Мезгил сабактары», «Табылга» (1992), «Мен миң жыл жашадым» деген китептерине анын мезгил жана адам, коом жана инсан, тарых, тил, илим-билим, улуттук мурас, маданият ж.б. темалардагы атуулдук позициясын айкындаган макалалары жана маектешүүлөрү киргизилген.

Сыйлыктары жана наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргызстандын почта маркасы, 2005-жыл
Кыргызстандын почта маркасы, 2005-жыл

1936-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргыз ССРинин Эл жазуучусу (1968-ж).

Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1954-ж)[13].

Түгөлбайдын «Биздин замандын кишилери» деп аталган романына 1947-жылы 3 даражадагы Сталиндик сыйлык берилип, кийин ал сыйлык СССРдин мамлекеттик сыйлыгы болуп аталып калган[14].

Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу, «Элдердин достугу» ордендери, СССРдин көп медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Эгемен Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын туңгуч ирет алган.

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Күрөш- 1-жыйнак. – Ф.: Кыргызмамбас, 1933. – 46 б.
  • Баатырлар- Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 60 б.
  • Кең-Суу- Роман, – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 166 б.
  • Кең-Суу- Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 276 б.
  • Акын – булбул- Ырлар жыйнагы. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас,1938. – 84 б.
  • Ала-Тоодон жетөө- Очерк. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 71 б.
  • Түн жарчысынан кабар- Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 50 б.
  • Ач көз ата- Ыр менен жазылган аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 28 б.
  • Согуш күндөрүндө- Аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 140 б.
  • Темир- Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1946. – 223 б.
  • Биздин замандын кишилери- Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. – 456 б.
  • Абысындар- Аңгемелер, очерктер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 176 б.
  • Тоо балдары- Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 380 б.
  • Too арасында- Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 380 б.
  • Күн кызы Нурайымга күйөөлөгөн жер уулу Жанболот жөнүндө баян- – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 31 б.
  • Достук- Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 114 б.
  • Көкөй кести- Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 252 б.
  • Батийна- Роман. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 440 б.
  • Темир- Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 296 б.
  • Зайыптар- Үчилтик: 1 – 2-китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 784 б.
  • Чыгарманын төрт томдук жыйнагы- – Ф.: Кыргызстан, 1969. 1-т.: Ыр-лар, поэмалар, ачык сөз, котормолор. – 388 б.
  • 2-т.- Аңгемелер, пьесалар. – 361 б.
  • Адамга кайрылуу- Ырлар, поэмалар, ачык сөз. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 203 б.
  • Күн жана анын балдары- Поэма-жомок. – Ф.: Мектеп, 1969. – 95 б.
  • Чыгармаларынын төрт томдук жыйнагы- – Ф.: Кыргызстан, 1970.
  • 3-т.: Темир; Too балдары- Романдар. – 500 б.
  • 4-т.: Биздин замандын кишилери: Роман. – 412 б.
  • Пайдага чечилген чатак: Аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1974.
  • Ала-Тоодон алтоо: Чыгармалар жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1976. – 174 б.
  • Курбулар: Романдар. – Ф.: Мектеп, 1977. – 570 б.
  • Темир: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 274 б.
  • Жеңишбек: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 96 б.
  • Ашууда: Ырлар, дастандар. – Ф.: Кыргызстан. 1980. – 212 б.
  • Кайнар булак: Уламыштар, аңгемелер, чакан повесттер. – Ф.: Мектеп. 1980. – 480 б.
  • Ыманбай пейили: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 292 б.
  • Тообулак: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 16 б.
  • Жол: Автобиографиялык роман. – Ф.: Мектеп, 1982. – 524 б.
  • Мезгил сабактары: Публицистикалар жана адабий макалалар.–Ф.: Кыр-гызстан, 1982. – 424 б. Archived 2016-03-05 at the Wayback Machine
  • Жамгыр: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 208 б.
  • Улуу биримдик: Аңгемелер, уламыштар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 108 б.
  • Чыгармалар жыйнагы: 1 – 2-т. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 572 б.
  • Биздин замандын кишилери: Роман. – Ф.: Мектеп, 1987. – 432 б.
  • Чаар тоок: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 28 б.
  • Көк асаба: Тарыхый роман. – Ф.: Адабият, 1989. – 461 б
  • Өмүр тамыры: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 511 б.
  • Табылга: Макалалар жыйнагы. – Б.: Адабият, 1991. – 687 б.
  • Бел-белес: Роман-эссе. – Б.: Акыл, 1996. – 733 б.
  • Күлкү жана өмүр: Повесттер, аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1988. – 623 б.
  • Мен миң жыл жашадым: Аян, аңгемелер, маектер, каттар /Түз. Ж.Медералиев, Б.: Акыл, 1998. – 496 б.
  • Темир: Роман. – М.: Сов. писатель, 1947. – 190 с.
  • Люди наших дней: Роман. – М: Сов. писатель, 1948. – 360 с.
  • Среди гор: Роман. – М.: Детгиз, 1948. – 168 с.
  • Утренняя заря: Сокр. пер. с кирг. романа «Биздин замандын кишилери». – М. – Л., 1948. –168 с.
  • Рассказы. – М.: Сов. писатель, 1950. – 200 с.
  • Дети гор: Повесть. – М.: Детгиз, 1953. – 184 с.
  • Сказание о сыне земли Джанболоте и дочери солнца Нураим.–Ф.:Киргизгосиздат, 1960. – 35 с.
  • Темир: Роман. – М.: Сов. писатель, 1965. – 212 с.
  • Мелодии старика: Поэма. – М.: Сов. писатель, 1969. – 70 с.
  • Женщины: Роман: Кн. 1 – 2. – М.: Сов. писатель, 1972. – 528 с.
  • Исповедь Букунтай: Роман. – М.: Сов. писатель, 1980. – 335 с.
  • Ровесники: Роман. – М.: Сов. писатель, 1986. – 313 с.
  • Иманбай Великодушный: Роман в новеллах /Пер. с кирг. В. Коркина. – М.: Сов. писатель, 1988. – 432 с.
  • Курица ряба: Рассказы /Пер. с кирг. А. Атамбаева/ – Ф.: Мектеп, 1987. – 28 с.
  • Біздің заманның адамдары Роман. – Алма-Ата: Казгоиздат, 1950. (Биздин замандын кишилери)
  • Тау балалары: Роман. – Алма-Ата: Казгосиздат, 1956. (Тоо балдары)
  • Тау ішінде Роман. – Алма-Ата: Казгосиздат, 1961. (Too арасында)
  • Зайыптар Роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1987.
  • Люди наших дней: Роман. – Ташкент: Шарых хакикаты, 1952. – 576 с. – уйгур.
  • Дети гор: Роман. – Ташкент: Шарых хакикаты, 1954. – 445 с. – уйгур.
  • Замонамиз кишилари Роман. – Ташкент: Узбекгосиздат, 1951. (Биздин замандын кишилери)
  • Тоғ болалари Роман. – Ташкент: Узбекгосиздат, 1954. – 353 (Тоо балдары)
  • Тоғ орасида Роман: – Ташкент: Узбекгосиздат, 1962. (Too арасында)
  • Люди наших дней: Роман. – Рига: Латвиздат, 1949. – лат.
  • Люди наших днів Роман. – Киев: Гослитиздат, 1953. (Биздин замандын кишилери)
  • Серед гір Роман. – Киев: Гослитиздат, 1962. (Too арасында)

Азербайжанча

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Рассказы. – Баку: Азгосиздат, 1956. – 150с. – азерб.
  • Zämanämizin adamlary Роман. – Баку: Азгосиздат, 1962. (Биздин замандын кишилери)
  • Темир: Роман. – Таллин: 1957. – 225 с. – эст.
  • Люди наших дней: Роман. – Ашхабад: Туркменгосиздат, 1958. – 377 с. – туркм.
  • Люди наших дней: Роман. – Каунас: Литгосиздат, 1958. – 422 с. – лит.
  • Тянсанниди люгы жын Рассказ. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 89с. (Ала-Тоодон жетөө)
  • Люди наших дней: Роман. – Душанбе: Таджгосиздат, 1959. – 395 с. – тадж.
  • Среди гор: Роман. – Душанбе: Таджгосиздат, 1959. – 294 с. – тадж.
  • Темир: Роман. – Кишинев: Картя молдовеняскэ, 1974. – 266 с. – молд.
  • Люди наших дней: Роман. – Бухарест: 1951. – 376 с. – румын.
  • Napjaink emberei Роман. – Будапешт: 1951. (Биздин замандын кишилери)
  • Barátság és más elbeszélések – Будапешт: 1952. – 112 с. –. Рассказы.
  • Люди наших дней: Роман. – Варшава: 1951. – 359 с. – пол.
  • Lidé našich dní Роман. – Прага: 1951. (Биздин замандын кишилери)
  • Jitřní záře Роман. – Прага: 1952. – 204 с. – чеш. (Утренняя заря)
  • Чолпон: Сокращенный вариант для детей из романа «Люди наших дней». – Прага: 1952. – 21 с. – чеш.
  • Люди наших дней: Роман. – Матиса Словенска: Мартин, 1952. – 413 с. – словак.
  • Люди наших дней: Роман: – София, 1958. – 338 с. – болгар.
  • 我們時代的人 Роман. – Пекин, 1956. (Биздин замандын кишилери)
  • Vuoriston lapsia Роман. – Петрозаводск, 1958. (Тоо балдары)


  1. 1.0 1.1 Сыдыкбек уулу Түгөлбай. Sanjyra.net.
  2. Kultayeva, Ümüt Baymuratovna (2023). Ulussever Yazardan Ulvi Söz: Tügölbay Sıdıkbekov'un Edebi ve Kişisel Hayatı Üzerine. Ankara: Bengü Yayınları. ISBN 978-625-6852-70-9. 
  3. Жусупов, Кеңеш (2007). Айгүл; Эралиева, eds. Жан шерик: Жыйнак. Бишкек: Бийиктик. pp. 172–198. ISBN 978-9967-13-229-0. 
  4. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет, Бишкек: Govori.TV (16.7.2022).
  5. Сыдыкбеков Түгөлбай. Mамсыйлыктар.
  6. Муратов, Абдыкерим. Кыргыз адабиятынын алп чынары Түгөлбай Сыдыкбеков, Заман-Кыргызстан (18.05.2012).
  7. Щербина, Владислав. Түгөлбай Сыдыкбеков, ШколаЖизни.ру (07.22.2020).
  8. Жапаров, Аманбек. "Миң жыл жашаган" Түгөлбай Сыдыкбеков, Азаттык үналгысы (14.05.2012).
  9. Түгөлбай Сыдыкбеков ким болгон?, ЭлТР Билим Илим (07.09.2023).
  10. Түгөлбай Сыдыкбеков — өмүр баяны, Sputnik Кыргызстан (14.12.2021).
  11. Түгөлбай Сыдыкбековдун миң жылы, Азаттык үналгысы (25.7.2017).
  12. Кыргыз Республикасынын баатыры, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун айкели тургузулду, ПолитКлиника (2023).
  13. Кыдырбаев, Р.З. (1970–1979). "Сыдыкбеков Тугельбай". Больша́я сове́тская энциклопе́дия (3 ed.). 
  14. Адабияттын алпы Түгөлбай Сыдыкбековдун 105 жылдык мааракеси белгиленди, Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (16.5.2017).