Түздүк

Википедия дан

Түздүк - кургактыктын үстүнкү бетинин, океан жана деңиздердин түбүнүн түзөң бөлүгү.

Кургактыктагы Түздүктөр - деңиз деңг. төмөн жаткан (мис., Каспий бою Түздүгү), ойдуңдуу (бийикт. 200 жге чейин; Батыш Сибирь), көтөрүңку (200500 м; Үстүрт) жана тоо аралык т-төргө (500 лгден жогору; Арпа, Чатыр-Көл) бөлүнөт. Түздүктүн бети горизонталдуу, жантайыңкы жана ийилген түзүлүштө болушу мүмкүн; жеринин бетинин морфологиясы боюнча дөбө-дөңсөөлүү, күдүрлүү, жалдуу жана жайпак Түздүк болуп бөлүнөт. Экзогендик процесстердин үстөмдүк кылуусуна карата денудациялык жана аккумуляциялык (анын ичинен аллювийлик, деңиздик, көлдүк) Түздүктөргө ажырайт. Түздүктөрдүн көбү платформаларда жайгашат (платформалык т-төр), ал эми тоолуу аймактарда Т-төр негизинен тоо аралык жана тоо этектериндеги ийилүүлөрдө пайда болот. Суу астында океандын таманындагы абиссаль Түздүктөрү, шельф Түздүктөрү кеңири таралган. Жердин көп бөлүгүн Түздүктөр ээлейт. Жер бетиндеги эң чоң Түздүк Амазонка (аянты 5 млн км2деи ашык).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4