Түйүлдүктүн өөрчүшү

Википедия дан

Түйүлдүктүн өөрчүшү, эмбриондун өөрчүшү - жаныбар жана киши организминин эне дененин ичинде же эне дененин сыртында (жумуртка кабында) өөрчүшү.

Энелик клетка уруктангандан кийин организмдин жеке өөрчүшү - онтогенез башталып, бир бүтүн, көп клеткалуу өз алдынча өмүр сүрүүгө жөндөмдүү организмдин түзүлүшү менен Түйүлдүктүн өөрчүшү аяктайт.

Түйүлдүктүн өөрчүшү бардык жаныбарларда бир нече процесстен турат: уруктануу, гаструляция, органогенез жана өөрчүгөн организмдин жумуртка кабын жарып сыртка чыгышы же төрөлүшү. Уруктануу аталык жыныс клеткасы - сперматозоид менен энелик клетканын кездешүүсүнөн башталып, ядронун кошулушу менен аяктайт. Уруктануудан кийин майдаланып бөлүнүү мезгили башталат. Уруктанган жумуртка клеткасы адегенде эки бластомерге, андан кийин ал экөө кайрадан бөлүнүп, бирдей чоңдуктагы төрт клетканы пайда кылат. Бластомерлер өспөйт, бирок митоз жолу менен бөлүнүн көптөгөн майда клеткаларды пайда кылат да, бластуланы - көп клеткалуу түйүлдүктү түзөт. Бластуланын пайда болушу менен Түйүлдүктүн өөрчүшүнүн кийинки мезгили башталып, бул стадия гаструляция деп аталат. Ал эми пайда болгон экинчи катмар гаструла делет. Гаструладагы түйүлдүктүн желбирегинин сырткысын эктодерма, ичкисин энтодерма, ортоңкусун мезодерма деп ажыратууга болот. Түйүлдүктүн желбиректери пайда болгондон кийин өөрчүүнүн кийинки мезгили - органогенез башталат. Органогенезде эктодермадан тери эпителийи, нерв системасы жана сезүү органдары; энтодермадан ичеги, карын эпителийи, тамак эритүүчү бездер, өпкө; мезодермадан скелет, булчуң, кан тамыр, бөлүп чыгаруу системалары өөрчүйт. Ошентип, түйүлдүк өз алдынча өмүр сүрүүгө өтүп, жумуртка кабынан сыртка чыгуу менен өөрчүүнүн эмбриондук мезгили аяктайт да, постэмбриондук өөрчүү мезгили башталат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.