Түндүк-Батыш Монголиядагы «кыргыз» этнокомпоненттери

Википедия дан

Түндүк-Батыш Монголиядагы «кыргыз» этнокомпоненттери - «Кыргыз» этноними өз алдынча уруктардын аталыштары катары Түндүк-Батыш Монголиядагы дэрбэт, урянхай, хотон, жана мингаттардын (мангут-мангыт) курамдарынан кездешери аныкталган.

Бул этностук компоненттер аталган этнографиялык топтордун курамына XII-XIV кк. кара кытай, монгол жапырыгында, айрымдары энесайлык кыргыздар Жунгар хандыгы тарабынан зордоп көчүрүлгөн мезгилден соң кирген.

1703-ж. 4000 түтүн кыргыз Цеван Рабдандын аскерлери тарабынан Жунгарияга көчүрүлүп кеткендигин орус документтери тастыктайт. Кызыктуусу, жогоруда аталган этнографиялык топтордун баарында тең, «кыргыз» аты менен бирге, «бурут» аттуу уруктар кездешери маалым.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.