Түндүк Риштан мунай-газ кени

Википедия дан

Түндүк Риштан мунай-газ кениБаткен облусунун Кадамжай р-нундагы мунай ж-а күйүүчү табигый газ чыккан жер.

Куйбышев кыш-нан 12 км түш. тарапта, Фергана өрөөнүнүн түштүгүндө жайгашкан. 1914-жылдан белгилүү. Кен мезозой жана кайнозой замандарында пайда болгон чөкмө тоо тектеринен турган антиклиналдык түзүлүштөн орун алган. Бор мезгилинин чопо кабатчаларынын арасында жайгашкан кумдук ж-а акиташ тектеринде газ, ал эми кумдук кабаттарындамунай топтолгон. Пайдалуу кабаттардын калыңдыгы 5 мге чейин, уз. 2,5 км, 340–550 м тереңдикте жатат. Газдын суткалык чыгымы 250–750 миң м3, мунайдыкы 0,5–28 т. Юра мезгилинин 1300–1370 м тереңдиктеги кумдук кабатынан да чыккан. Газдын курамы: метан (73–77,8%), этан (2,3–7,7%), пропан (0,8–1,37%), бутан (0,3–0,56%), пентан ж-а жогорку сапаттагы газ (0,3%). Мунайдын курамында күкүрт 0,1%, парафин 3,12–4,78%, чайыр 4–6%.

1997-жылга карата эриген газдын запасы А+В – 100 млн м3 болчу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2