Түп

Википедия дан

Түп "Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосунда кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Манастын ата-бабасынын жерин бошотуп келатканын уккан Орго кан дорголорун чакырып алып, калдайларына кабарга жибергенде "Түптөн өтүп келиңер Айтылган жердин баарына Түгөл кабар бериңер!" (Сагымбай Орозбаков, 2. 73), — дейт. Манастын Оргого каршы аттанган колу Каркыра жактан чыгат:

Түптөн кечип жол менен

Түмөн аскер кол менен

Алтындан калкан жаркылдап,

Арстан Манас аскери

Бара турсун шартылдап (Сагымбай Орозбаков, 2. 73, 96).

Географиялык реалияда Т. Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш тарабындагы өрөөн, суу. Түпкү кан"Манас" эпосунда кытайдын императору, монархы. "Манас" эпосунун бардык варианттарында Түп-Бээжиндин, Чоң-Бээжиндин каны Эсенканга карата айтылат. Валиханов жазып алган эпизод боюнча "Түпкү канга киремин Ошондо Көкөтөй ашын беремин" (Валиханов жазып алган эпизод, "Ала-Тоо", 1979, № 7, 75-б.) дейт, Бокмурун. Т. к. моңгол тилиндеги Эсенкан (монарх, император, эл эгеси) деген сөз менен синонимдеш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]