Түр жана Түргө

Википедия дан

Түр жана түргө ― логикада, организмдер тутумундагы негизги структуралык бирдик: алардын эволюциясындагы сапаттык тап.

Ар бир Түр жаратылышта тарыхый жол м-н келип чыккан бир бүтүн нерсе (система) катары жашайт. Т. организмдерден (индивиддерден) туруп, алардын мыйзамченемдүү түзүлгөн жыйындысы болуп саналат. Ал эми ар бир индивид өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрү м-н бирге Т-гө тийиштүү жалпы касиеттери м-н мүнөздөлөт. Т. татаал ички түзүлүштөргө ж-а көп түрдүү табигый өзгөчөлүктөргө ээ. Анын эң жөнөкөй структурасын популяция түзөт, демек ал популяция формасында жашайт. Т-дүн көп сандаган түрчөсү да бар. Өсүмдүк, жаныбарларын ар тараптан изилдөө биологиядагы Т. ж-а түрөчө ж-дөгү түшүнүктөрдүн түзүлүшүнө өбөлгө болду. Анын илимий негизин Ч.Дарвиндин эволюциялык теориясы түзгөнү м-н ал ар дайым өнүгүү ж-а өзгөрүү абалында турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8