Углевод алмашуу

Википедия дан

Углевод алмашуу - организмде углеводдордун сиңүү процесси - аралык жана акыркы заттарга ажырашы, жөнөкөй углеводдордун татаал углеводдорго айланышы.

Тамак сицирүүчү (амилаза, глпколидаза) ферменттердин таасиринен поли жана олнгосахариддер моносахаряддерге ажырайт. Полисахарнддер фосфорилазанын таасири менен глюкоза 1-фосфатты пайда кылат. Ачуу жана гликолиз процессинде моносахариддер анаэробдук ажырап, этил спирти. жогорку спирттер, май, пропион жана сүт кислоталары пайда болот. Моноеахарнддерднн ай лануулары гексокнназа ферментнинин таасири менен өтүп, натыйжада фруктозанын дифосфор эфири пайда болуп, ал альдозанын таасиринен эки фосфотриозага ажырайт. Андан ары кычкылдануу-калыбына келүү реакциялары жүрөт. Углеводдордун кычкылдануу аркылуу өзгөрүүсү (пентоздук жол) глюкозомонофосфаттын пайда болушу менен башталат. Кычкылдануу реакциясынын натыйжасында никотин амидадениндинуклеотид фосфат коферменти түзүлөт.

Пентоздук жолдун андан аркы реакциялары кычкылтексиз (анаэробдук) шартта өтөт. Углевод алмашууну реакцияга катышуучу ферменттердин активдүүлүгүн күчөтүүчү факторлор (температуpa, кычкылтек режими, субстраттын концентрациясы ж. б.), жаныбарларда нерв системасы жана гормондор жөнгө салат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.