Угузуу ырлары

Википедия дан

Угузуу ырлары – жаман кабарды, көбүнчө жакын адамы өлгөнүн угузган чыгармалар. Мындай ырлар муңдуу обон менен аткарылган же өзүнчө бир кайгылуу тон менен айтылган. Угузуу ырлары адамды жаман кабарды угууга психологиялык жактан даярдоого ылайыкталган, ошону менен бирге угузуучунун тике айтпай каймана түшүндүрүүсүнө өбөлгө түзгөн. Мындай ырларда сөздүн өтмө маанилери көп колдонулган. Маселен Коргоол ырчы Токтогул Сибирден келгенде баласынын өлгөнүн мындай өтмө маанидеги сөздөр менен түшүндүрөт: “ аткардык жалгыз балаңды “, “ качырдык жалгыз балаңды “ , “ бегана болгон дүйнөдөн “ , “ учурдук жалган дүйнөдөн” , “ жибердик жалган дүйнөдөн “ , “ мусапыр сапар жол кеткен “ , “ күн тийбес сапар жол кеткен “ , “караңгы сапар жол кеткен “ ж.б. Угузуу ырларында фактыны жеткирүү ( өлүмдү угузуу ) менен гана тим болбой, башына оор күн түшкөн кишиге кайрат айтылган, өлүм - өмүр жөнүндө философиялык толгонуулар билдирилген. Лирикалык тектин бул формасы байыртан бери эле колдонулуп келгкендигин. Айканга ( Чыңгыз канга ) баласынын өлгөнүн Кет бука деген ырчынын угузганы да далилдеп турат. Анда ырчы канга баласынын өлүмүн төмөнкүчө кабарлайт:
Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты, Айганым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты, Айганым.
Алтын така, күмүш мык,
Дулдул качты, Айганым.
Алтын Ордо башынан,
Булбул качты, Айганым.
Деңиз толкуп, чайпалып,
Көл бөксөрдү, Айганым.
Терек түптөн жыгылып,
Жер бөксөрдү, Айганым.
Ала – Тоо кулап, бас болуп,
Бел бөксөрдү, Айганым.
Берекелүү нур качып,
Эл бөксөрдү, Айганым. ( Элдик ырдан )

Адабият:

Ж. Шериев, А. Муратов. “ Кыргыз адабиятынын терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү “.
Бишкек - 1994