Угуу органы

Википедия дан

Угуу органы - жаныбарлар менен кишинин үн термелүүсүн кабыл алып, анализдөөчү өзгөчө мүчөсү.

Көп омурткасыздардын, жөнөкөй хордалуулардын Угуу органы үн термелүүсүнөн башка төмөнкү жыштыктагы механикалык термелүүнү да кабыл алат. Омурткасыздардын ичинен кадимки Угуу органы курт-кумурскада жакшы өөрчүгөн, көбүнчө тимпанал органы же кээде башка түзүлүштө кездешет. Тимпанал органы түз канаттууларда, көпөлөктөрдө жука кутикула тарсылдактарынан турат да, кекиртек же аба көңдөйү менен бириккен. Алар кээ бир жаныбарлардын (мисалы, жарганаттын) ультраүн термелүүлөрүн кабыл алат. Омурткалуулардын Угуу органы тең салмактуулук органдары менен бирге ички кулакта жайгашкан. Угуу органынын кабыл алуучу рецептор аппараты (к. Угуу анализатору) өзгөрүлгөн түрдөгү эпителий клеткаларынан турат, анда угуу нервинин жипчелери аяктайт; көпчүлүк балыктардын ички кулагында тегерек бултуйган баштык түрүндө жайгашкан. Сүт эмүүчүлөр менен кишинин ички кулагы - татаал түзүлүштөгү үлүл жана корти органынан турат, к. Кулак.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.