Уй породалары

Википедия дан

Уй породалары, тукуму - адам эмгегинин натыйжасында алынган уй түрлөрү.

Дүйнөдө 200дөй Уй породалары бар. Айрым породалар жог. кунардуулугуна, ар кандай табигый шартка байырлашуу жөндөмдүүлүгүнө жараша дүйнөнүн бардык аймактарына таралган.

Алар: голланд, шортгорн, герефорд, остфриз ж. б. КМШ өлкөлөрүндө сүт багытындагысы - айршир ую, голланд карала ую, жерси ую, дания кызыл ую, швед кызыл ую, эстон кызыл ую, талаа кызыл ую, латыш күрөң ую, олуя-зта ую ж. б.; сүт-эт жана эт-сүт багытындагысы - ала-тоо ую, бестужев ую, кавказ күрөң ую, кострома ую, тамбов кызыл ую, симменталь ую, сычев ую, шортгорн ую ж. б.; эт багытындагысы - абердин-ангус ую, герефорд ую, казак ала баш ую, калмак ую ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4