Улуттар аралык конфликт

Википедия дан

Улуттар аралык конфликт - социалдык-этностук жана этносоциалдык факторлор жана карама-каршылыктардын чырмалышуу өзгөчөлүгү мүнөздүү болгон социалдык конфликттин түрү.

Этностук конфликттин тереңиндеги булагын ачууга аракет кылуу менен бир катар батыш саясат таануучулары аны этниканын саясатташынын формасы деп санашат. Бул ой каршылыктарды көп учураткан жок, себеби, өзүнөн-өзү этнос конфликттүү кырдаалдарды пайда кылбайт. Улуттар аралык конфликттин келип чыгуусунун түздөн-түз себеби, улуттар аралык мамилелердин субъекттеринин (улуттук-мамлекеттик биримдиктер, улуттар, элдер, улуттук топтор) кызыкчылыктарынын келишпөөсү жана кагылышуусу сыяктуу карама-каршылыкта жатат. Конфликт ушундай карама-каршылыктардын иретсиз жана өз убагында чечилбегендигинен улам пайда болот.

Улуттун саясатташуусу, мамлекеттик менен улуттуктун кайчылашуусу конфликттин өнүгүүсүндө кубаттуу катализатор болуп саналат. Маданийулуттук автономиянын авторлорунун бири Карл Реннер айткан: «Улут менен мамлекеттин постулаттары бирине-бири квадрат айланага жасагандай мамиледе болот», айлананын квадраты табылбагандай эле, мамлекет менен улуттардын ортосундагы талаш-тартышты жок кыла тургандай формула табыла элек». Саясий кызыкчылыктардын улуттукка чырмалышы менен конфликт курчуунун жогорку чегине жетип, улуттук антагонизмге өтөт.

Мурдагы СССРдин аймагындагы Улуттар аралык конфликттин негизинде төмөндөгүдөй улуттук-аймактык маселелердин негизги типтери жатат: 1) суверендүү мамлекеттер - мурдагы союздук республикалардын ортосундагы мамилелердеги чечилбеген маселелер, кээ бирлеринин ортосундагы карама-каршьшыктар Азербайжан менен Армениянын ортосундагыдай куралдуу кагылышууга өсүп жеткен. Мезгил-мезгили менен орус-украина мамилелери курчууда. Башка мамлекеттер - КМШнын мүчөлөрүнүн ортосунда да чечилбеген суроолор өзүлөрүнүн таасирин көрсөтүүдө. 2) Республикалардын ичиндеги маселелер. Суверенитеттин абсолютташтырылышы республикалар ортосундагы мамилелердин татаалдашына гана алып келбестен, суверендик мамлекеттердин ичиндеги улуттук азчылыктын сепараттык умтулууларын пайда кылат. Ушул себептен улам Молдовадагы «гагауз», Грузиядагы «абхаз» жана «түштүк осетин» ж.б. көп курмандыктар менен коштолгон конфликттер келип чыккан. Ушуга окшош процесстер дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө да жаш мамлекеттер чектелбеген өз алдынчалыкка умтулган жерлерде байкалууда. Африка өлкөлөрү өзүнүн эркиндиги үчүн согушка Караганда этнос аралык согуштарда көп курмандыктарга учурашкан; 3) бөлүнүп калган элдердин маселеси. Эки түрдүү бөлүнүүлөр болгон: мурдагы СССРден мамлекеттик чек арасы менен (мис., Тажикстан менен Афганстандагы тажиктер, Азербайжан менен Ирандагы азербайжандар) жана Закавказье, Орто Азия суверендик мамлекеттериндеги, Орусия Федерациясында - айрыкча түндүк Кавказ жана Урал - Волга бою райондорундагы - республиканын ичиндеги чек аралар менен.

Улуттук-мамлекеттик бирикмелердин ортосундагы чек ара, саясий-администрациялык чектер тарыхый окуяларга байланыштуу бир канча жолу жылдырып турган. Ушунун натыйжасында Орусия Федерациясынын аймагында: Башкырстанда - башкырлар менен татарлардын, Татарстанда - татарлар менен чуваштардын, Дагестанда - аварлар, кумыктар, даргиндер жана лезгиндер, чечен-аккиндер менен лакуамдардын; Түндүк Осетияда - осетиндер менен ингуштардын; Кабардин - Балкарияда - кабардиндер менен балкарлардын ортосундагы улуттук келишпестиктер болгон; 4) бир катар элдерди туруктуу жашоо орундарынан күч менен көчүрүүнүн - депортациянын натыйжалары менен байланышкан маселелер. Аларды мамлекеттик-укуюук реабилитациялоо абдан оор жана татаал процесс болду. Бул жерде акыйкаттыкты орнотуу принциби тарыхый өзгөруүлөрдүн кайра кайрылбастык принциби менен кагылышты. Акталган элдердин (немецтер, Крым татарлары, месхетин түрктөру ж.б.) кызыкчылыктары менен карама-каршы болуп калды. Потенциалдык жана реалдык конфликттердин генезисин жана өзгөчөлүктөрүн, улуттар аралык карама-каршылыктардын шартын жана өнүгүүсүн, конфликтүү катары улуттук мамилелердин абалын (прото, -пред жана пост - конфликтик) изилдөөчү билимдердин атайын тармагы - конфликтология илиминин болуу зарылдыгы келип чыкты.

Улуттук саясаттын илимий негизи Улуттар аралык конфликтти алдын-алуу маселелерин өзүнө камтыйт. Конфликтеги жактардын кызыкчылыктарын жана талаптарын зеке алуу жана оптималдуу айкалыштыруу, улуттар аралык мамилелерде социалдык акыйкаттык принцибин жүзөгө ашыруунун негизинде аларды чечүү мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8