Улуу Моравия

Википедия дан

Улуу Моравия - 9-10-кылымда Ортоңку Дунайда калыптанган алгачкы батыш славян мамлекети (822-907).

9-кылымдын 2-жарымында анын курамына Чехия, Паннониянын жарымы жана Дунай боюндагы сербдер, Венгрия, Словакия, Чехия, Кичи Польша, Украинанын жарымы, Силезиянын тарыхый аймактары кирген. Мамлекеттин борбору Велеград (башка маалыматтар боюнча Нитра) болгон. Улуу Моравияда алгачкы славян жазуусу пайда болуп, славян тили калыптанган. Князь Моймир 1нин тушунда (830-846) моравиялыктар латын жөрөлгөсүндөгү христиан динин тутушкан. Моравия алгачкы мезгилде Каролингдер империясы жана Чыгыш-Франк королдугу менен тыгыз мамиледе болгон. Бирок герман башкаруучуларынын кысымынан Ростиславдын (846-870) тушунда Византияга ыктаган. Анын өтүнүчү боюнча Византия императору Михаил III немис архиепископтугуна көз каранды эмес славян чиркөөсүн куруп, ага Кирилл менен Мефодийди жөнөткөн. Улуу Моравия князь Святополк Пнин тушунда гүлдөп өнүккөн. Улуу Моравия ички чырчатактардан жана немистердин чапкынынан начарлап, 905-906-ж. көчмөн венгрлер тарабынан талкаланган. Улуу Моравияны башкарган княздар: Майомир I (818-846), Ростислав (846-870), Святополк I (870-894), Майомир II (894-904), Святополк II (904-906).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4