Учук (оору)

Википедия дан

Учуквирустар пайда кылуучу оору; териге, былжыр челге ыйлаакчалар топтошуп чыгат.

Оорунун булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун булагы V— оорулуу, вирус алып жүрүүчү адам. Ал сыркоолуу адам менен бирге болгондо жугат. Оорунун пайда болушуна катуу үшүп калуу, организмдин начарлашы, витамин жетишсиздиги жана башкалар түрткү берет. Ал жөнөкөй жана курчалма учук болуп айырмаланат. Жөнөкөй учук эринге, мурундун таноосуна, ооз көңдөйү (Стоматит) менен көздүн былжыр челине (Конъюнктивит), жыныс органдарына тунук суюктук толгон ыйлаакча түрүндө топтошуп чыгат. Ал жер кычышып, тызылдайт, кээде адам чыйрыгат. Айрыкча балдарга учук чыкканда ичи өтөт. Кээде жаш балдардын ички органдары, нерв системасы жабыркайт. Мында оорулуу баланын денеси өтө ысып, жалпы абалы начарлайт. 7—10 күн өткөндө ыйлаакчалар карттанып, андан кийин түшөт. Айрым учурда түшкөн карттын ордуна кайрадан ыйлаакчалар пайда болот. Курчалма учукту суу чечектин вирусу пайда кылат. Адатта чоң кишилер ооруйт. 10 жашка чейинки балдар дээрлик оорубайт. Бирок оорулуу менен бирге болгон балдар суу чечек менен оорушу мүмкүн. Козгогуч терини гана эмес нерв жолдорун да жабыркатат. Ошондуктан анын алгачкы белгиси — нерв жолдорунун, баштын оорушу. Бир нече күндөн кийин оорулуунун нерв талчалары жабыркаган жеринде топтошкон тунук, кийин ириңдүү кан аралаш суюктук толгон ыйлаакча пайда болот. Ага жакын жаткан лимфа түйүндөрү чоңоёт, эти ысып, оорулуунун жалпы абалы начарлайт. 6—8-күнү ыйлаакчалар кургай баштайт. Дарылоону врач жүргүзөт. Жөнөкөй учуктун жеңил өткөн түрүндө зелёнка же оксалин майын сыйпор жетиштүү. Ыйлаакчалар ооз көңдөйүнө, жыныс органына, көзгө чыкканда, ошондой эле курчалма учукта врачтын көзөмөлүндө болот. Мындай оорулуу жылуу кийинип, үшүп калуудан сак болуп, курчалма учук болгондо төшөккө жатып дарылануу керек. Витаминдүү тамак ичүү; оорунун алдын алуу максатында организмди чыңдоо сунуш кылынат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8