Уюл күнү
Уюл күнү - жогорку кеңдиктерде, көп сутка бою Күн батпай горизонттон жогору көтөрүлүп турган мезгил.
Уюл тегерегинен түндүккө карай алыстаган сайын мөөнөтү узара берет. Уюлдук күн 68° түндүк кеңдикте 40 суткага, Түндүк уюлда 189 суткага созулат. Ушундай эле кубулуш Түштүк жарым шарда да кийинки жарым жылдыкта байкалат.
Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2