Фаворский, Владимир Андреевич

Википедия дан

Фаворский, Владимир Андреевич (1886, Москва – 1964, ошол эле жер) – советтик график жана живописчи, СССР эл сүрөтчүсү (1963). СССР САнын анык мүчөсү (1962). Москвадагы К. Ф. Юон студиясында (1903-05), Мюнхендеги Ш. Холлоши мектебинде (1906-07), Москва университетинин искусство таану бөлүмүндө (1907–13) окуган. 1907-жылдан көбүнчө китеп көркөмдөө, ксилография боюнча иштеген. Ал китепти кооздоонун өзүнчө теориясын иштеп чыккан. 1910–30-жылдагы гравюраларына пластикалуулук (Г. Шторм, “Михаил Ломоносовдун эмгектери жана өмүрү”, 1934), стилдик чечмелөөнүн көп түрдүүлүгү (А. С. Пушкин, “Коломнадагы үй”, 1929) мүнөздүү. Кийин Ф. чыгармаларында лирика-философиялык тереңдикке (В. Шекспир, “Сонеттер”, 1948; “Игордун кошууну жөнүндө сөз”, 1954) таасын психологизмге (А. С. Пушкин, “Кичинекей трагедиялар”, 1961) умтулган. Станоктук ксилография (“Ф. Достоевский”, 1929; “Пушкин лицейде”, 1935), линогравюра (“Самарканд” сериясы, 1942-44) жанрларында да көп эмгектенген. Монумент искусствосунда Ф. архитектура менен живопистин синтезине көңүл бурган. Ал театр сахналарын да жасалгалаган (В. Шекспир, “Он экинчи түн” комедиясы, 2-МХАТ, 1934, жана башкалар). Ф-дин чыгармачылыгы советтик искусствого, айрыкча графикага чоң таасир тийгизген. Ал Москвадагы Вхутемас-Вхутеиндин (1920–30), Полиграфия институтунун (1934–38), Жасалга-колдонмо искусство институтунун (1942-48) проф. Ф. 1946-ж. Кыргызстанга келген. Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде анын “Самарканд. Биби-Ханум” (1942), “Самарканд. Төөлөр” (1942) жана башка сүрөттөрү сакталып турат. Лениндик сыйл. лауреаты (1962).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]