Фагоцитоз

Wikipedia дан

Фагоцитоз (байыркы грек тилинен φαγεῖν — сугунуу жана κύτος — клетка) — көп клеткалуу организмдердин өзгөчө клеткалары (фагоциттер) же бир клеткалуу организмдер микроорганизмдерди, бүлүнгөн клеткаларды жана бөтөн нерселерди активдүү түрдө өзүнө тартып, сиңирүү процесси. Фагоцитозду И. И. Мечников ачып, ал анын эволюциясын изилдеп, татаал түзүлүштөгү жаныбарлар менен киши организминин коргонуу реакциясында, негизинен сезгенүү процессинде жана иммунитетте анын мааниси чоң экенин аныктаган. Жарааттын айыгышында фагоцитоз чоң роль ойнойт.
Бөлүкчөлөрдү кармоо жана сиңирүү жөнөкөй организмдердин тамактануусу болуп саналат. Эволюция процессинде бул жөндөмдүүлүк акырындык менен өзүнчө адистештирилген клеткаларга, эң алгач — тамак сиңирүү клеткаларына, кийин туташтырма ткандын өзгөчө клеткаларына өткөн. Киши менен сүт эмүүчүлөрдө активдүү фагоциттерге кан нейтрофилдери жана макрофагга айлануучу ретикул - эндотелий системасынын клеткалары кирет.
Нейтрофилдер — майда (бактерияларды), макрофагдар чоңураак бөлүкчөлөрдү (өлгөн клеткаларды, алардын ядролорун жана башкалар) өзүнө сиңирет. Фагоцитоз энергияны талап кылат жана ал клетка мембранасы менен гидролиздик ферменттерге бай клетка органоиддеринин (лизосомалардын) активдүүлүгүнө байланыштуу. Фагоцитоздун активдүүлүгү түрдүү физиологиялык жана патологиялык абалдарда өзгөрүлөт.
Фагоциттердин активдүүлүгү жашка да жараша болот, мисалы, балдарда (алгачкы айларында) фагоциттер бөтөн нерсени өзүнө тартат, бирок сиңире албайт.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8