Фалев Павел Андреевич

Википедия дан

Фалев Павел Андреевич (1888, Санкт-Петербург — 1922, Петербург) — советтик алгачкы түркологдордун бири. 1900-ж. Санкт-Петербургдагы 15-Рожество башталгыч училищесин, 1907-ж. 3-реалдык училищени бүтүргөн. 1908—12-ж. Санкт-Петербург университетинин Чыгыш тилдери факультетинин араб, перс, түрк, татар тилдери бөлүмүндө окуган. Анын "Ногайские сказания об Едиге и Токтамыше" деген темадагы дипломдук иши алтын медалга татыктуу болуп, ошол эле факультетте профессордукка даярдоо үчүн калтырылган. 1915жылдан баштап түрк тили боюнча лекция окуган, Орус географиялык коомунун Чыгыш бөлүмүнүн ишине да активдүү катыша баштаган. 1919-ж. профессорлук наамга ээ болуп, 1920-ж. кыргыз (казак) тилинен сабак берүү үчүн Түрк тилдеринин борбордук институтуна чакырылат. 1921-ж. Түркстанга студенттик экспедицияны жетектөө үчүн жиберилет. Ошол эле жылы Орус географиялык коомунун Түркстан бөлүмүнүн анык мүчөсү болуп шайланган. 1922-ж. Түркстан АССРинин Совнаркомунун чакыруусу боюнча келип, өмүрүн Орто Азия жана Казакстан элдеринин тилин, фольклорун, этнографиясын, маданиятын изилдөөгө арноону чечкен. Бүлөсүн Ташкенге көчүрүп келүү үчүн Петроградга бара жатып, бөртмө келте оорусунан каза тапкан. "Манас" эпосун изилдөөнүн Улуу Октябрь революциясынан кийинки этабын баштаган илимпоз. Негизги эмгектери түрк элдеринин тилин, фольклорун, адабиятын изилдөөгө жана пропагандалоого арналган. "Как строится кара-киргизская былина" (1922), "О кара-киргизском эпосе" деген эмгектери түздөн-түз "Манас" эпосунун маселелерин талдоого арналган. Анын "Введение в изучение тюркских литератур и наречий" аттуу 1921-ж. Түркстан Чыгыш институтунда окуган лекциясында да кыргыз эл оозеки чыгармачылыгына атайын орун берилген. Анда кыргыз эпосунун айрым образдары дүйнөлүк эпикалык мурастардын образдары менен салыштырылган (Мисалы, Жалгыз көздүү дөө "Одиссеянын" 12-ырында баяндалган Полифемдин образы менен), Ф-дин түркология багытындагы эмгектери азыр да өзүнүн илимий наркын жогото элек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4