Фармакопея

Википедия дан

Фармакопея (байыркы грек тилинен φαρμακον — дары, уу жана байыркы грек ποιη — кылып атам, жазап атам) — түрдүү дары формаларын даярдоо, дарылардын сапатына жана активдүүлүгүнө баа берүү ыкмалары жазылган атайын жыйнак.
Көпчүлүк өлкөлөрдө өзүнүн улуттук фармакопеясы, андан башка эл аралык фармакопея бар. Фармакопеяда негизги дары заттардын аты, формуласы, физикалык-химиялык касиети жана алардын эң жогорку, бир жолку жана суткалык дозасы (өлчөмү), ошондой эле анда уулуу (А) жана күчтүү (Б) дарылардын тизмеси берилет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8