Фергана фронту

Википедия дан

Фергана фронту (орус. Ферганскiй фронтъ) - жарандык согуш мезгилинде Түркстандагы басмачыларга жана ак гвардиячыларга каршы күрөш жүргүзүү үчүн түзүлгөн оперативдүү бирикме.

Фергана фронту
орус. Ферганскiй фронтъ
Дата

1 сентябр 1919 — 22 ноябр 1919

Орун

Фергана

Себеп

Коммунисттердин Ферганадагы нан тууралуу мыйзамы.

Каршы тараптар
Басмачылар
Фергана Убактылуу Өкмөтү
РСФСР
Колбашчылар
Мадаминбек
Эргеш корбашы
К. Монстров
К. Осипов
Муханов Алексей
Сулайман Кучуков
Михаил Фрунзе
Александр Соколов
Тарап күчтөрү
Дыйкандар аскери
Мусулмандык Ак Гвардия


Баардыгы: 20.000 аскер, 2 замбирек, 13 танк пулемёту, 11 артиллерия.
Казан Аткычтар Полку
Анжиян гарнизону
Үчүнчү Полк
Төртүнчү Полк
1-чи Оренбург Полку
1-чи Мусулман Полку


Баардыгы: 6.000 аскер, 10 замбирек, 10 пулемёт.
Жоготуулар
белгисиз белгисиз

Биринчи Согуш хронологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи болуп Жалалабат шаарын согушсуз басып өзүнө караткан, Ош шаарын басып алууда алар биринчи суу менен шаарды каптатып, 30 саатта басышкан, Анжиян шаарын куурчап согушсуз алышкан, бирок Коммунисттердин гарнизону байыркы цитаделде отуруп алышкан. Ошону көрүп Ташкендде паника болуп Каспийде АНТАНТА менен согушуп аткан Казан Аткычтар полкун Ферганага жөнөтүшөт, 24 сентябрда Анжиян гарнизону менен чогу Казан Аткычтар Полку биригип Анжиянды эки жумада бошотушат. Казан Полку Ошту бошотуп, 30 сентябрда Жалалабатты бошотот. Бирок, Мадаминбек менен Монстров Гүлчө чебине качып ал жерден күч топтойт.

Экинчи согуш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кашкарда жайгашкан Орус элчилигинде Успенский Иркештамга барып Монстровго жардам берем деп жолугушкан. Ошол убакытта Фергана Убактылуу Өкмөтү түзүлүп аны Мадаминбек жетектеген. Монстров аскерсиз, тамак-ашсыз калып, эмне кылаарын билбей, Совет бийлиги менен сүйлөшөт, алар ага ультиматум бергенде ал ага кол койбойт, Советтер бийлиги бул убакытта Мадаминге Монстров менен сүйлөшүп атканын жеткизишсе, Мадамин ачууланып, Монстровдун аскерлеринин артынан кууйт, 17 январда Монстров Ташкенге барып өзү Совет бийлигинин колуна түшөт да, аларга анын жанын өлтүрбөө гарантиясын беришсе аларга бүт Мадамин дин сырларын айтып берем деп, Совет бийлиги макулдашып, Монстров баарын айтып берет. Бирок Совет бийлиги сөзүн кармаган жок да, аны тамга такап атып салышат. Мадамин дагы согушуп, мартта Советтердин курчоосуна түшүп, алардын тарабына өтөт, да бундан ары жаңы термин пайда болгон «Кызыл Басмачылар». Бирок, Совет бийлиги ага ишенген эмес, Мадамин бек Совет бийлигинин курамында Куршермат, Алаяр, Хал-Кожо менен көтөрүлүш дайындап турган маалыматтар да чыккан.

Күчтөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фергана фронту советтик 3-, 4-полк, 1-Оренбург жана 1-Мусулман полкторунун негизинде (бардыгы 10 замбирек, 10 пулемёт менен куралданган 6 миң жоокер) түзүлүп, Совет бийлигине каршы козголоңго катышкан Мадаминбек, Эргеш корбашы, К. Монстров, К. Осиповдордун уюшкан колун талкалоо милдети тапшырылган. Фергана өрөөнүндөгү Анжиян, Жалал-Абад ж. б. шаарлар бошотулгандан кийин Туркстан. фронтунун башкы командачысы M. В. Фрунзенин буйругу менен Фергана фронту жоюлуп, ага караштуу аскер бөлүктөрү 2-Түркстан аткычтар дивизиясына бириктирилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4