Фильтрация

Википедия дан

Фильтрация, сaрыгуу-

1) тоо тектердеги майда көңдөйчөлөр аркылуу суюктуктун (суу, нефть) же газдын (аба, жаратылыш газы) чыпкаланып өтүшү;

2) каналдардын, суу сактагычтардын ж. б. гидротехникалык курулмалардын түбүнө, капталына суунун сиңип, коромжуга учурашы;

3) тазалоочу курулмаларда ыпылас суулардын атайын кум кабаттарынан өткөрүлүп тазаланышы ж. б. Чыпкалоо коэффициентинин бирдиги см/сек, м/сек же м/сутка менен ченелип, чоңдугу тоо тектердин физикалык-механикалык касиетине, суюктуктун же газдын минералдык курамына, температурасына көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4